Длительность:
01:17
Размер файла:
2.96 MB
Качество:
320 kbps
Дата добавления:
22.07.2024
Текст песни
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган
Нурларынан курган кайран көпүрөм
Бекемине күмөнсанап жаңылгам
Өтүмү жок болгонума өкүнөм
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып өтүнөм?
А-а-ай, о-о-ой
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып күн-түнү
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү
Таба албайм кайрылганда айт чынын
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Нурларынан курган кайран көпүрөм
Бекемине күмөнсанап жаңылгам
Өтүмү жок болгонума өкүнөм
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып өтүнөм?
А-а-ай, о-о-ой
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып күн-түнү
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү
Таба албайм кайрылганда айт чынын
Артык бекен башка жердин көркөмү?